"Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
Транспорт министрлиги билдиргендей, чектөөлөр түнкү саат экиден тарта тыгындарды болтурбоо үчүн киргизилди.
Чектөөлөр аба ырайы жакшырганга чейин күчүндө болот.