Жогорку сот, Ленин райондук соту жана Санарипти өнүктүрүү министрлигинин имараттарына бомба коюлганы кабарланды (видео)
Бүгүн, 19-октябр күнү саат 09:00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына Жогорку соттун имаратына, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жана Кыргыз Республикасынын Санарипти өнүктүрүү министрлигине бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалынын басма сөз кызматы билдирди.
Мааламатка ылайык, бул фактылардын негизинде райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги жана тергөө топтору окуя болгон жерге барышкан. Имараттардын ичиндеги жарандар эвакуацияланып, аймактар курчоого алынып, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
Толук маалымат берилээрин билдиришти.