Кара-Көлдө жоголгон өспүрүмдөр Оштон табылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында изделип жаткан үч жеткинчек Оштон табылганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин 11 жаштагы Нурмуханбет Мураталиев, 13 жаштагы Нурислам Мураталиев менен Замирбек Мамбетов изделип жаткан. Аларды акыркы жолу 12-ноябрда саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатканда көрүшкөн.

Жеткинчектер тогуз күндөн кийин табылып, ата-энелерине 21-ноябрда өткөрүп берилгени кошумчаланды.

11:37, 22-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар