Таласта 10 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Талас облустук милициясы 10 жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармады.

Облус милициянын маалыматы боюнча, 2013-жылы августта Кара-Буура районунун тургуну (Д.А.) Манас районунун жашоочусунун Мерседес-Бенц-230 унаасын 8 миң долларга баалап алып, бирок акчасын бербей качып кеткен.

2015-жылы Кылмыш-жаза кодексинини 166-беренеси (алдамчылык, 1997-жылдагы редакция) менен кылмыш иши козголгон.

Бирок шектүү тергөөгө келбей, изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2015-жылы ноябрда ал издөөгө алынган. Ошондой эле ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Шектүү (Д.А.) быйыл 1-февралда Бишкек шаарынын кармалып, Таласка жеткирилген.

12:21, 04-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар