УКМК кармаган мурдагы аким каза болду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков көз жумду. Бул тууралуу “Кактус медиа” жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ал 27-декабрда ооруканада 69 жашында дүйнө салды.
Курманбек Байтереков 30-ноябрда кармалган. Мурдагы аким жана “Ак-Суу” базарынын ээси сойкукана уюштурууга шектелген. Анын саламаттыгы начарлап, тергөө абагынан ооруканага которулганы кабарланат.