Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө

Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 20-октябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издөө иштери кызынын арызынын негизинде 31-октябрда башталган.

"Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калганы аныкталганын жакындары билдирген. Ага ылайык, издөө иштери сууда кайык менен жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Жеринде 7 куткаруучу иштеп жатат.

16:20, 01-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар