"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар таңкы 8:30дан баштап кое берилүүдө.

Кечээ Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгонунан улам аталган постто убактылуу чектөө киргизилген.

ӨКМден "Арал" постунда киргизилген чектөө дагы алынганын кошумчалашты.

11:17, 02-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар