Бишкектеги мектептердин биринде 7-класстагы окуучу кыз каза болду. Себеби
Бишкектеги №31 мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында 7-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча окуя сабак учурунда болгон. 7-класстын эки окуучусу - 2011-жылы туулган А.А. аттуу бала менен 2010-жылы туулган А. А. аттуу кыздын ортосунда жаңжал чыгып, бала кыздын денесине залал келтирген. Кыз эсин жоготкондугу айтылат.
Окуя болгон жерге медициналык тез жардам тобу чакырылган. Бирок, дарыгерлер келгенде кыздын өлүмү аныкталган.
Аталган факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайлар аныкталып, ар тараптуу юридикалык баа берилет.
Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, окуя болгон жерге мэриянын, Ленин райондук администрациясынын билим берүү департаментинин, укук коргоо органдарынын жетекчиликтери келген. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеринде бардык зарыл чаралар көрүлгөн.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана анын алкагында окуяга укуктук баа берилет.
"Такталбаган маалыматты таратуудан алыс болуп, расмий маалыматтарды күтүүңүздөрдү суранабыз", - деп жазылат маалыматта.