Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО сертификатын сата баштады

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарды автокырсыктардан коргоо максатында ОСАГО (унааны милдеттүү камсыздандыруу) боюнча атайын сертификаттарды сунуштайт. Бул сертификаттардын баасы 3000 сомду түзөт жана жарандар өздөрү үчүн, же жакындарына белек кылып ала алышат.

Сертификаттын негизги артыкчылыктары:

- Коопсуздукту камсыздандыруу: 2000 сомго чейин унааңызды ОСАГО боюнча камсыздандыруу. Бул камсыздандыруу унаа ээлеринин жол кырсыгынан келип чыккан зыяндарды же башка автоунааларга, алардын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө келтирилген материалдык зыянды камсыздайт. Башкача айтканда, ОСАГО полиси автоунаанын айдоочусу үчүн зыян келтирген учурда, камсыздандыруу уюму анын чыгымдарын жабат.

- Күтүүсүз кырсыктардан коргоо: 1000 сомго чейин ар кандай күтүүсүз кырсыктардын алдын алуу үчүн камсыздандыруу.

- Белек катары берүү мүмкүнчүлүгү: Сертификатты сиз жакындарыңызга, досторуңузга же жубайыңызга белек катары берсеңиз болот.

Жаз айлары майрамдарга бай мезгил болгондуктан, жарандар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугун камсыздандыруу үчүн идеалдуу мүмкүнчүлүккө ээ. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму сертификаттардын жардамы менен коомго унаалардын камсыздандыруусун жайылтып, жалпы коопсуздукту арттырууну көздөп жатат.

Жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүп, сүйүктүүңүзгө мыкты белек берип, аларды камсыздандыруу аркылуу коопсуздугуна кам көрүңүз. Бул белек алар үчүн эң жакшы камкордук болот.

Белек сертификаттарын сатып алуу жана көбүрөөк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызмат көрсөтүү кеңселерине кайрылсаңыздар болот.

ОСАГО полиси эмнени камтыйт?

- I топтогу майыптык — 200 000 сом;

- II топтогу майыптык — 150 000 сом;

- III топтогу майыптык — 100 000 сом;

- жаракаттар — 100 000 сомго чейин (дарылоонун чыгымдары) төлөнөт.

Камсыздандырууну кайдан алса болот?

- Мобилдик тиркемелер: "Мега Пей", "МБанк", "Мой О".

- Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары өлкөнүн бардык облустарында жайгашкан. Камсыздандыруу үчүн филиалдарга кайрылып, камсыздандыруу полисин алсаңыздар болот. Ошондой эле Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинде дагы ОСАГО полисин алууга болот.

Биз менен байланышта болуңуз:

- Башкы кеңсе: Бишкек, Ч.Айтматов проспектиси, 2-имарат, 4-этаж.

- Бишкек филиалы: Москва көчөсү 71, 2-этаж.

- Байланыш номери : +996 707 545-400, +996 553 545-400.

- Жумуш убактысы: 9:00–18:00.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму – сиздин жана жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн!

 

 

11:03, 11-03-2025

Комментарийлер

Karl Bolliger
Looking to increase traffic to your video or website on a budget? Get Info http://ga52b8.blastmillions.top
Ricardo Synan
Want millions of people to engage with your content on a budget? For Details: http://ycdkfa.blastmillions.top
Maryanne Veale
Hi there, Things are rough for many businesses right now, which is why I’m offering a one-time, no-strings-attached outreach blast to 50,000 contact forms, completely free. It’s the exact same system I use for my paying clients to get fast lead generation, and I’m offering it at no cost to help you stay visible. Want to claim your free spot? Simply reply with "Interested" to free50000forms@mailtome.my and I’ll take care of everything for you. No cost, no commitment. Just an opportunity to help you get noticed in tough times.

Башка жаңылыктар