Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техника сатып алат

Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техника сатып алат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Замир Юсупов баштаган мэриянын өкүлдөрү Кытайда иш сапарда жүрүшөт.

"Максат — мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 миллион сомго муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерге атайын техника сатып алуу", — деп айтылат маалыматта.

Учурда делегация Сиань, Чанша шаарларындагы заводдорду кыдырып, бир катар керектүү техникаларды көрүп, жеринде түз келишимдерди түзүп жатканы кошумчаланды.

10:56, 28-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар