Кыргызстанда электр энергиясын иштеп чыгаруу кыскарды. Себеби
Өлкөдө энергетика системасында электр энергиясын иштеп чыгаруу кыскарды. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы кабарлады.
Маалыматка караганда, Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегаттын бирөөсү оңдолуп жаткандыктан, учурда үчөө гана иштеп жатат.
Ишкана жагдайды эске алуу менен калкты жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
Белгилей кетсек, реконструкция иши аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу кошумча 60 МВтка көбөйүп, станциянын жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөт.