Кыргызстандын Армениядагы элчиси дайындалды
Кубанычбек Боконтаев Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, ал Армениядагы элчилик кызматын Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматы менен айкалыштыра аткарат.
Эске салсак, Боконтаев 2024-жылдын август айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматына дайындалган.