Алматы шаарында жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды (Видео)

Казакстандын Алматы шаарында жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары  жазып чыкты.

Билдирмеге караганда, жер көчкүнүн жүрүшүнө муздак суу түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Кырсык тууралуу маалымат Казакстандын тиешелүү органдарына түнкү саат 02:20лар чамасында түшкөн.

"Жер көчкүдөн эки үй жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал үйлөрдө төрт киши болгон. Анын экөө балдар", — деп жазылат кабарда.

Окуя болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдө жашагандар түндө эвакуацияланып, керектүү жардам көрсөтүлгөн соң жакындарынын, туугандарынын үйлөрүнө кетишкени айтылды. Жабыркагандарды издөө иштери уланууда.

11:08, 08-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар