Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль утту.

Бейшекеев 67 кг салмакта күрөштү.

Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде индиялык, андан кийин япониялык балбанды жеңип, финалга чыкты.

Алтын үчүн Бейшекеев ирандык Саед Эсмаели менен кез келип, бирок атаандашына 0:3 эсебинде жеңилип, Азия чемпионатынын күмүш байгесин тагынды.

09:18, 27-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар