Белгилүү актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк каза болду.
Белгилүү россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк каза болду. Кабар өзүнүн социалдык баракчасына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Актриса 53 жашта болчу.
Заворотнюктун ооруп калганы 2019-жылдын август айында белгилүү болуп, бир катар ЖМКлар аны мээ рагына кабылган деп жазган. Анткен менен жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң актрисанын дарыланып жатканын билдиришкен.