Ош облусунда төрт эм төрөлдү
Ош облусундагы төрөтканада Кызыл-кыялык келин Дильноза Сайдорипова 4 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу төрөтканадан билдиришти..
Маалыматка караганда, келин ай-күнүнө жетпей, операция менен төрөгөн. Ал 2 уул, 2 кызды жарыкка алып келген. Тилекке каршы 1 кызы чарчап калган.
"Келин 19-октябрда төрөгөн. Бир баласынын тону жатындан ажырап, кыйналып калган экен. Чарчап калды. Ал эми калгандарынын абалы жакшы. Эне өзү бага алган учурга келип, бүгүн төрөтканадан чыгарылды",- деди жетекчи.