Башкы прокурор Курманкул Зулушевге президент сөгүш берди
Башкы прокурор Курманкул Зулушевге президент сөгүш берди
Ошондой эле Садыр Жапаров жаратылыш ресурстар министри Мелис Тургунбаевге дагы сөгүш берди. Буга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы лнзиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине айрым прокурорлордун кийлигишүүсү боюнча жазган каты себеп болгон.
Мындан тышкары, Башкы прокурорго анын орун басары Кубан Адыл уулун ээлеген кызматынан бошотуу, Башкы прокурордун Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчисине жана ротациялоо боюнча сунуш киргизүү тапшырылды. Аппарат Мирлан Майтпасов жана бөлүм башчы А.Аликуловго сөгүш жарыяланды.