Бишкектин бир бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт
Бишкектин бир бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт
16-апрелден 18-апрелге чейин борбор калаанын бир бөлүгүндө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын “Бишкекгаз” билдирди.
Лермонтов, БЧК, Биринчи Май көчөлөрү жана Бакай-Ата турак жай комплекси менен чектешкен аймактарда газ өчүрүлөт. Себеби, жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгү боюнча иштер жүрүп жатат.
«Бишкекгаз» убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жумуш учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат.