АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактагыла. ТИМ АКШдагы кыргызстандыктарга кайрылды

АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылган.

Мекеме АКШда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын эскертти.

"ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт. Министрлик суроолор пайда болгондо элчиликке жана Чикагодогу консулдукка кайрылууну өтүнөт", — деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин телефондору:

+1 202 256 2924;

+1 202 449 9823;

+1 202 449 9822.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун телефондору:

+1 312 929 34 42;

+1 312 994 24 16.

12:14, 27-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар