Өлкөдө жума этегине чейин кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал

Өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр төгүп, тоолуу райондордо карга айланышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-29-мартта өлкө боюнча аба ырайы улам өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал.

"Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жамгыр карга айланып, жолдор тоңуп, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет", — деп жазылган маалыматта

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин начарлатып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Ошондой эле 30-мартка чейин термометрдин көрсөткүчү нөлдөн төмөн түшүп, үшүк жүрөрү айтылды.

12:33, 27-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар