Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам ЖКда өткөн жок
Жогорку Кеңеште милиция кызматкерлерин каралоо максатында видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору өткөн жок.
Аталган мыйзам долбоору бүгүн, 19-декабрда парламентте экинчи окууда каралып, аны депутаттардын 44ү колдоду, алтоо каршы болду. Жетиштүү добуш болбогондуктан мыйзам долбоору өткөн жок.
Бул мыйзам долбоорунда милиция кызматкерин сүрөт-видеого тартып алып, аны каралоо үчүн интернетке, ЖМКга бурмалап чыгарган адамдарга 5 миң сом айып салуу же 20 саатка чейин коомдук жумуштарды тартуу каралган.
Ошондой эле коомдук тартипти карап жатан күч түзүмдөрдүн, мамлекеттик органлардын кызматкерине каршылык көрсөтүп, бейбаштык жасаган кишилерге 50 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылдан 7 жылга чейин абакка кесүү сунушталган.
Андан тышкары милициянын талаптарына баш ийбеген адамдарды 5 миң сом айыпка жыгуу же 5тен 7 күнгө чейин камакка алуу каралган.