Бишкекте  автобус менен жеңил унаа сүзүштү

Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда жүргүнчүлөрдү ташыган №23 автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриянын маалыматы боюнча, жол кырсыгы Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анын айынан 8 адам жабыркаган. Алардын ичинен бешөө автобустун жүргүнчүлөрү, калган үчөө жеңил унаада келе жаткан.

Окуя жерине кайгуул кызматкерлери чакырылган.

11:50, 26-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар