Бишкектеги орточо айлык 49 миң сомго жетти

Бишкектеги орточо айлык 49 миң сомго жетти 

Кыргызстанда январь-февраль айларында орточо номиналдык эмгек акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. 

Бишкекте эң жогорку айлык акы республикалык орточо көрсөткүчтөн ашып, 49 309 сомду түзөт. Жыл ичинде бул көрсөткүч 14,4%га өскөн.

Бишкек шаарынан кийин эң көп киреше Ысык-Көл облусунун тургундарына таандык – 44 886 сом. Алдыңкы үчтүккө Талас облусу дагы кирди, анда орточо номиналдык эмгек акы айына 38 852 сомду түзөт.

Андан кийинки орунда Нарын (37 899 сом), Жалал-Абад (32 391 сом) облустары жана Ош (31 685 сом) турат. Киреше Чүй (31 260 сом) жана Баткен облустарында (29 109 сом) бир аз төмөн. Ал эми республика боюнча эң төмөнкү орточо айлык Ош облусунда (25 603 сом).

10:48, 24-04-2025

Комментарийлер

Лариса
Наша зарплата составляет 10-13 тысяч сомов со стажем 30 лет Гражданский персонал.т.е служащие военных комиссариатов
Лариса
Наша зарплата составляет 10-13 тысяч сомов со стажем 30 лет Гражданский персонал.т.е служащие военных комиссариатов

Башка жаңылыктар