Матраимов менен Ражабалиев мандатын тапшыруу боюнча арыз берди
Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул маселе Боршайкомдун саат 16:00дөгү жыйынында каралат.
Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.
Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.
Жыйынтыгында Нурлан Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.