Блогер Арген менен Аружан жол кырсыгына кабылышты

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенге бара жатып жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактагы баракчасында жазып, сүрөт менен бөлүштү.

"Аллага шүгүр, мындай машинадан тирүү калганыбызга",-деп билдирүү жазды Арген Асанов.

Белгилей кетсек, түгөйлөр буга чейин Баткен шаарында чай концерт өткөрүүнү пландап жатышканын билдиришкен.

Ал эми Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсыгы 25-декабрда саат 12:30 чамасында катталганын ырастады.

"Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Баткен шаарын көздөй бара жаткан. Айдоочу рулга ээ боло албай, машина ала салып кеткен", - дейт башкармалыктан.

12:07, 26-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар