Бир аптада 63 мас айдоочу кармалды
1-апрелден 7-апрелге чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясы тарабынан 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Анын ичинде мас абалында унаа айдагандардын саны 63тү түздү. Ал эми 226 адам тийиштүү документтери жок унаа айдаганы аныкталган. 58 унаанын айдоочусу терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан.
Мындан тышкары, 946 жөө жүргүнчү жол эрежесин бузган, унааны эксплуатациялоо эрежесин бузуу боюнча 3653 учур катталган, беш автобейбаштык фактысы.