Дем алыш күндөрү Кыргызстандын түндүгүндө күн сууктап, үшүк жүрөт

Дем алыш күндөрү Кыргызстандын түндүгүндө күн сууктап, үшүк жүрөт.

Кыргызгидромет Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында температура нөлдөн төмөн болорун белгиледи.

"Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды.

14:34, 26-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар