"Крокус сити холлдогу" терактыдан каза болгондордун саны 137ге жетти

Москванын жанындагы "Крокус сити холлдо" болгон терактынын кесепетинен каза болгондордун саны 137 адамга жеткенин Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Буга чейин 133 адам каза болуп, 152си жаракат алганы айтылган.

"Учурда теракт болгон жерден 137 адамдын сөөгү табылды, алардын үчөө жаш балдар. Кылмыш болгон жерде иликтөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 62 адамдын сөөгү таанылды. Калган жабырлануучулардын өздүгүн аныктоо үчүн генетикалык экспертизалар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандардын тизмесин жаңылады. Ага ылайык, 180 адамдын 142си ооруканага жаткырылса, 32си үйүнө жөнөтүлдү.

09:25, 25-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар