Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу менен жылуулук убактылуу өчүрүлдү

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу менен жылуулук убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Ысык суу жана жылуулук саат 09:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

Чыгыш-5 кичи районундагы №6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөр;

Чүй проспектисиндеги №30, 32, 34 үйлөр;

Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектеби;

№59 бала бакча.

11:01, 10-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар