УКМК Көлбаевдин кирешелерин адалдаган жаранды кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде 8-январда В.Р.Г. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип келген. Ошондой эле Көлбаевге таандык болгон ири объектилердин курулушуна катышкан.

Алар: “Березка” мончо комплекси, “Барс” эс алуу борбору, “Каганат Резорт” эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы “Ордо” соода борбору, ошондой эле “Сейил” шаарчасындагы коттедждер.

Учурда УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Былтыр 4-октябрда крим чөйрөсүндөгү таасирдүү киши Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлүп, кылмыштуу топ каршылык көрсөтүп, курал колдонгон. Натыйжада Көлбаев жок кылынган.

10:07, 10-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар