Депутат: “Яндекс.Такси” комиссияны 21% көтөрдү, таксилердин баасы “асман чапчып жатат.” (Видео)
“Яндекс.Таксинин” үстүнөн миңдеген такси айдоочулары арызданышкан. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, “Яндекс.Такси” такси базарынын 90% ээлеп, монополист болуп алган.
“Башында “Яндекс” рынокко 7% төмөн комиссия менен кирген, андан кийин бара-бара аны жогорулата баштаган, натыйжада бүгүнкү күндө комиссия 21% га чейин өстү. “Яндексте” миңдеген такси айдоочулар иштейт”, - деди ал.
Эл өкүлү билдиргендей, алгач комиссияны 10%, анан 15%, анан 17% көтөрүштү.
“Бүгүн комиссия 21%, баалар асмандап кетти. Бул боюнча биздин жарандар, миңдеген такси айдоочулары кайрылышты. Алардын көпчүлүк бөлүгү унааларды ижарага алып иштешет”, - деп кошумчалады депутат.