Японияда тилсиз жоонун айынан 90дой имарат күйүп кетти
Японияда тилсиз жоонун айынан 90дой имарат күйүп кетти.
Япониянын түндүк-чыгышындагы токойдогу өрттүн аянты 5 күндөн бери көбөйүп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата 2,1 миң гектар жерди өрт жалмады. Акыркы суткада 300 гектар жер күйгөн.
Учурда өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгондугу айтылды. Ошондой эле дайынсыз жоголгондор такталууда. Мындан тышкары, тилсиз жоо 90дой турак жайды жана коммерциялык имараттарды жабыркатты.
5 миңдей жашоочу эвакуация тууралуу сунуштама алган. 1200 адам эвакуациялык борборлорго жайгаштырылган.
Өрттү өчүрүүгө бардык өрт өчүрүүчүлөр жана Жарандык коргонуу күчтөрү тартылганы кабарланды.