Баткенде Golden Life аталышындагы газдалган суусундуктар алынып жатат
Баткен жана Раззаков шаарларында соода түйүндөрүнөн жана коомдук тамактануу жайларынан Golden Life аталышындагы газдалган суусундуктар алынып жатат.
Лейлек райондук санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн маалыматы боюнча, эки күн ичинде – 4-5-июлда 66 объектиден 2026 банка суусундук табылган. Аларга мамлекеттик тилде маркировка коюлган эмес, бул Бажы биримдигинин “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин бузуу болуп саналат.
Бөлүмдүн кызматкерлери суусундукту сатууга тыюу салынганын эскертишүүдө. Бүгүнкү күндө рейд уланууда.
Аталган анар суусундугун сатыктан алуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө. Ведомство аталган суусундуктун курамында лабораториялык изилдөөлөр боюнча азорубин Е 122 боёгу бар экенин, ал балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирген.