Кыргызстанга 26 млн сомдук бажы алымысыз кирген товар аныкталды

Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөдө ЕАЭБ жана бажы мыйзамдарын бузуулар аныкталды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдан азыркыга чейин «Л.» аталышындагы компания тарабынан Кыргызстандын аймагына SB-303, SB-306, SB-316 үлгүсүндөгү Android TV BOX товарлары бажы алымы жок ташылган.

Интернеттеги ачык булактарда жогоруда аталган товарлар IPTV көрүү үчүн телевизордук приставкалар болуп саналаары аныкталган. Аларга бажы алымынын чени  10%ды түзгөн.  Туумдарды кошкондо бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 26 млн 226 миң 130 сомду түздү.

Бул факты каттоого катталып, чогултулган материалдар маңызы боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

17:32, 14-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар