Министр Бейшеналиевге байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анын сунушун бир нече депутаттар колдоп, өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагындагы абалды сынга алышты.

Депутат Балбак Түлөбаев 3-апрелдеги отурумда министр Бейшеналиев тууралуу айтылган бардык маалыматтарды текшерүүнү Башкы прокуратурадан, Ички иштер министрлигинен жана Коопсуздук кызматынан талап кылды.

Комиссиянын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирди:

Жусупбек Коргонбай уулу — "Мекенчил" тобу;

Жалолидин Нурбаев — "Элдик" тобу;

Гүлшаркан Култаева — "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы;

Шарапаткан Мажитова — "Ынтымак" фракциясы;

Айсаракан Абдибаева — "Ишеним" фракциясы;

Исхак Масалиев — "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы;

Султанбай Айжигитов — "Ыйман Нуру" фракциясы;

Нилуфар Алимжанова — "Альянс" фракциясы.

Дагы бир депутат Тазабек Икрамов коррупцияга айыпталган мамлекеттик кызматкерлер, алардын жакындары мамлекеттик кызматка жолотулбашы керек деген сунушун берди.

12:20, 03-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар