Кара-Суу жана Ноокатта мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды
УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермалар аныкталды.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында, майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу аныкталып, алынды.
Алардын ээлери расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.
Жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн мыйзамдага ылайык калкка берүү пландалууда.