Кыргызстанда 1-класстын окуучулары бир жумага каникулга тарашат
III чейректе 1-класстын окуучулары бир жумага каникулга тарашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматта нөлүнчү класстын окуучулары эки жума эс алышары айтылды.
"Базистик окуу планга ылайык, 480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки даярдык программасы менен окуган 6 жаштагы балдар үчүн үчүнчү чейректе кошумча эки жума каникул берилет. Ал эми 1-класстын окуучулары үчүн бир жумалык эс алуу каралган", — деп айтылган маалыматта.
Министрлик ар бир мектеп каникулдун графигин өз алдынча аныктай турганын айтып, Бишкекте 1-класстар 10-февралдан тарта эс алыша турганын белгиледи. Маалыматка ылайык, 1-класстын окуучулары 17-февралда, нөлүнчү класстын балдары 24-февралда окууга чыгышат.