Сузакта кошунасына бычак сайып качып кеткен шектүү кармалды

14-март күнү Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 47 жаштагы тургуну бычактан алган жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аны кошунасы кечки саат 20:00 чамасында көчөгө чакырып, ортодо уруша кетип, ага бычак сайып, окуя болгон жерден кетип калган.

Адам өлтүрүүгө аракет жасоого шектелген жаран кыргыз-өзбек чек арасынан кармалды.

Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакта калтыруу бөгөт чарасы тандалып алынган.

15:27, 19-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар