Садыр Жапаров гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди.
Өлкө башчысы мурдагы гимн азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылганын белгилеп, өзгөртүүгө каршы эмес экенин айтты.
"Мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби? Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте, азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимн катары архивде тарых болуп кала берет", — деди Жапаров.