«Манас» аэропортуна Бишкектен күн сайын автобус каттай баштады
«Манас» эл аралык аэропортуна Бишкек шаарынан коомдук транспорт каттай баштады. Бул тууралуу аталган аба майданынан кабарлашты.
№153 автобус Бишкек шаарынын 12-кичирайонунан шаар аралап «Манас» эл аралык аэропортуна каттайт. Автобус кондиционер менен камсыздалган жана бардык шарттары бар.
Коомдук транспорт күн сайын эртең мененки саат 7:30дан кечки 20:00гө чейин 10-15 мүнөттүк аралык менен жүрөт.
«Манас» эл аралык аэропортуна чейин жол кире 150 сом, накталай эмес төлөм 122 сом.