«Евразия сактык банкы» уставдык капиталын көбөйтүп, Улуттук банктын талаптарын аткарды

Кыргыз фондулук биржасынын рыногунда  Евразия сактык банкынын акциялары боюнча  чоң жаңылык болду. Бир акциянын номиналдык баасы 20 сомду түзүп, жалпы 160 миллион 190 миң 280 сомго 8 миллион 964 миң жөнөкөй акция сатылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

19-майда 1 миллион 999 миң 360 акция 39 миллион 980 миң 720 сомго сатылды.

Ошентип, «Евразия сактык банкы»  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 1-июлуна карата минималдуу уставдык капиталды 800 миллион сомго чейин көбөйтүү талабын аткарып жатат.

Апрель айында «Евразия сактык банкынын»  уставдык капиталы 640,4 млн сомду түзгөн. Көбөйтүлгөндөн кийин 840 миллион 458 миң сом болот.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 21-декабрындагы Өкмөттүн токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган банктын 60,95% үлүшүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигине өткөрүп берген.

16:44, 03-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар