Бишкекте ысырапкорчулукка жол бербөө маселесин талкуулаган жыйын өттү
Бишкекте ысырапкорчулукка жол бербөө маселесин талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Ага маморгандардын, муфтияттын өкүлдөрү жана кафе, чайкана, банкеттик залдардын ээлери катышкан.
"Жыйында үй-бүлөлүк салтанат, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды ысырапкорчулук менен өткөрүүнү пландагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу сунушталды. Ошондой эле каада-салттарды жана ырым-жырымдарды катуу тартипке салуу, коомдун руханий адеп-ахлагын калыптандыруу тууралуу кеп козголду. Кафе-ресторандардын өкүлдөрү бул багыттагы иш-чараларды колдошту", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын соңунда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.