Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга ниеттенүүдө

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Аддис-Абеба шаарында Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана башка аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Исаев Кыргызстан бул аймак менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

"Тараптар эл аралык актуалдуу маселелерди, эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жолдорун жана Кыргызстандын эл аралык уюмдар менен, анын ичинде БУУнун тандап алынуучу органдары менен иштешүү демилгелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Исаев Аддис-Абеба шаарындагы Африка Биримдигинин штаб-квартирасында уюмдун өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолукту. Анда тараптар жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу жана Кыргызстандын Африка Биримдигинде байкоочу мамлекет статусуна ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканы белгиленди.

Белгилей кетсек, Африка Биримдиги — 54 мамлекетти бириктирген уюм, анын максаты өлкөлөрдүн саясий, социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарын бекемдөө, бирдиктүү позицияларды алдыга жылдыруу болуп саналат.

11:34, 17-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар