"Эшек жайлоо" эмей эмне? Президент бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам тууралуу

 Мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежеге баш ийип иштөө бейөкмөт уюмдар үчүн кыйынчылык жаратпайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Өлкө башчы 2-апрелде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө"  мыйзамга кол койгон. Жапаров сырттан алынган каражат конкреттүү түрдө кайсы максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек экенин белгиледи.

"Маалыматты бурмалагандар бейөкмөт уюмдардын өздөрү. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоор бир нече ай талкууда болду. Ошондо бул мыйзамды кабыл алуунун башкы максаттарынын бири буга чейин иштеп келген өкмөттүк эмес уюмдардын чет өлкөдөн каржыланганын кайра каттоодон өткөрүп, аларга "чет өлкөлүк өкүл" деген макамды берүү экени айтылган. Аны өкмөттүк эмес уюмдардын баардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып "биз катталганбыз" деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси "Чет элдик өкүл" деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым. Ошондой эле сырттан алган каражат конкреттүү түрдө кайсы максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек", — деди президент.

Өлкө башчы республикада 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын эки миңдейи чет элдик донорлордун каражаты жана катышуусу менен иш алып барарын белгилеген.

"Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. "Чет элдик өкүлдөр" боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт. Ачык болсун деп атабыз. Кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып жатканын эл билсин деп жатабыз. Уставында эмнелерди көрсөтсө ошолор боюнча иш алып барсын. Мунун эмнеси жаман? Ачыктык болсун дегенди мамлекет алардын акчасына көз артууда деп түшүнбөш керек. Башка өлкөлөрдөн грант алып алса алардын акчасын аяп эмне кылабыз. Миллиондоп эмес, миллиарддап алсын. Болгонун ошонун максаттуулугун билели да", — деди Жапаров.

Президент буга чейин "эшек жайлоо" деп айтканы да талкууга түшкөнүнө токтолгон.

"Миллиондогон каражат өлкөгө кирип, анан кандай максатта сарпталып жатканын көрө албасак, бул "эшек жайлоо" эмей анан эмне? Ошол акчалардын бир бөлүгү ички иштерибизге кийлигишип кетпесин деген эле ой. Саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо анда партияларга кошулсун же жаңы партияларды ачып алып иш алып бара берсин. Эч ким кой дебейт. Мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежеге баш ийип иштеш керек. Бул өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кыйынчылык жаратпайт", — деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров так эле ушундай мыйзамдар башка өлкөлөрдө, болгондо да өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үлгү кылып айтып жүргөн Батыш мамлекеттеринде бар экенин абройлуу эле эксперттер айтып келишкенин белгиледи.

09:55, 08-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар