Өзгөн районунда 150 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу бүткөрүлдү
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Он-Беш Жаш айылында Ж.Пиримкулов атындагы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
150 орунга ылайыкташкан объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Азыркы учурда окуу корпусунун, спорттук зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары 100% аткарылды
Объекттин жалпы аянты – 1281,8 м2