"Чолчоңдобой жүрүңүз." Төрагадан тил уккан Нурдан Орунтаев (Видео)

Ар бийликтин учурунда эрке балдар болгон, бирок кези келгенде биринчи ошолор жазаланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаевге кайрылып жатып айтты.

Буга чейин депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары өз укугунан аша чаап, анын ишине кийлигишкенин айткан. Муну эл өкүлдөрү мыйзам бузуу катары баалап, жооп берүүсүн талап кылышкан.

Парламентке чакырылган Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев түшүнбөстүк болуп кеткенин, орун басарына эмнеге депутаттарды анын мекемесинен эч ким коштоп жүрбөгөнүн эле айтканын белгиледи.

12:55, 09-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар