Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алды
Кыргызcтандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Ал Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг чейинки салмакта коло медал утту.
Спортчу Италия, Мозамбик, Уругвай, Азербайжандын мушкерлерин жеңип жарым финалга чыккан. 1/2 финалдык беттеште украиналык спортчуга жеңилип, ал эми коло медал үчүн беттеште индиялык мушкерди жеңип Париж Олимпиадасына жолдомо утту. 57 кг чейинки салмакта Олимпиадага жалпы үч жолдомо ойнотулган.
Мунарбек Сейитбек уулу 2023-жылы Ташкент шаарында бокс боюнча дүйнө чемпионатында ушул эле салмакта Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы коло медалды алган.
Ушуну менен Кыргызстанда Париж олимпиадасына 15 жолдомо болду.
Олимпиадага катышууга кыргызстандык балбандар - Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов жолдомо утуп алышса, марафондук жарыштан теги якутиялык, 2023-жылдан бери Кыргызстандын атынан чыгып келе жаткан орусиялык жеңил атлет Сардана Трофимовага Эл аралык жеңил атлетика федерациясы олимпиадалык квота берген. Дзюдочу Эрлан Шеров май айында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медал утуп, Париж олимпиадасына лицензия алган.