Былтыр мигранттар өлкөгө 3 млрд. долларга чукул акча которушкан
Былтыр чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине дээрлик үч миллиард доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, которулган каражаттын 2,7 миллиард доллары ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет.
Тагыраагы, 2024-жылы 2 миллиард 989,5 миллион доллар сырттан которулган. Анын 2 миллиард 790,5 миллион доллары Россиядан келген.
2023-жылы чет жактардан 2 миллиард 706,1 миллион доллар келсе, анын 2,6 миллиард доллары ЕАЭБге туура келген.