Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров 24-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду аэропорттон Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов тосуп алды.

Сапардын алкагында Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана ЕАЭБдин саммитине катышат.

10:26, 25-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар