Кыргызстанда орточо айлык канча? Статкомдун жообу:

Кыргызстанда 2023-жылы орточо айлык акы 33 миң 258 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, айлык акынын көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 2,3%га өскөн.

“Эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, социалдык камсыздоо, суу менен камсыз кылуу жана тазалоо, ошондой эле кыймылсыз мүлк, дүң жана чекене соода, унаа жана мотоцикл оңдоо, курулуш жана маалымат тарамагында байкалган”, - деп белгиледи Керималиева.

10:53, 12-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар